Turmush — Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Нарын суусунун боюнда курулуп жаткан ГЭСтин курулушу менен Энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган топ таанышып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, аталган ГЭСтин курулушу 2022-жылы башталып, бүгүнкү күнү ГЭСтин 40 пайызы аяктады. ГЭСтин кубаттуулугу — 100 МВт. Куруу мөөнөтү төрт жыл, тактап айтканда 2026-жылы аяктоо пландалууда. Жылына 450 миллион квт/саат электр кубаты өндүрүлөт.
Куланак ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүзөгө ашууда.
Курулуш жумуштарына 600дөн ашуун адам иштеп жатат. Ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 128 млн долларды түзөт.
Куланак ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488,51 гектар жер аянты трансформацияланып берилген.
Учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВт подстанция, 1000 кВт эки даана көмөк чордон (трансформатор), 190 даана зым теректер орнотулуп, жумушчулар жашап иштеши үчүн вахталык шаарча курулган.