Turmush — Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүн асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, асфальттоо иштерине 250 млн сом бөлүндү.
«Аталган көчөборбордук аянттан баштап, Талас шаарынын батыш тарабындагы Крупская көчөсүнө чейин жасалат», - деп айтылат маалыматта.