Turmush — Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай Талас облусуна 2 күндүк иш сапары менен келип кетти.
Маалым болгондой, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев менен болгон жолугушууда биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлор талкууланды.
Андан тышкары элчи мырза «Манас Ордо» улуттук комплексине барды. Кулан-Сайдагы кыргыз-рун тамгалары, битик жазууларын көрүп чыкты. Ага катар эле Бакай-Ата айылында Франция элчилигинин колдоосу менен тоо мөмөлөрүнөн мармелад пастила чыгарып жаткан чакан өндүрүштүн ишмердиги менен таанышты.