Turmush — Кечээ, 17-апрель күнү Кадамжай районунда өзүнө-өзү кол салып, жалган маалымат таратууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, милициягы кечээ саат 01:30 чамасында Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын 25 жаштагы тургуну К.А.ны бейтааныш 2 адам бычактап, 25 миң долларын тартып алышкандыгы, ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына түшкөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кадамжай РИИБ тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүү учурунда, К.А. Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын К. аттуу тургунунан 865 миң сом карыз алганы, акчаны ээси талап сураганда өзүнүн алдамчылык пландарын ишке ашыруу максатында желим баштыкка пачка вафли салып, аны сыртынан караганда акчадай көрүнсүн деп жасалма аракет көргөнү аныкталган. Ал баштыкты доллар экен деп ойлотуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын өткөрмө постуна келип, ошол жердеги акча алмаштыруучу жайлардан сомдун долларга болгон курсун сурап, алдамчылыкты ишке ашырууга аракет кылган. Бирок акча алмаштырбай, из калтырбоо үчүн баштыкты көтөрүп, унаа жол менен бир нече метр жөө басып барып, өзүнө-өзү бычак менен жаракат келтирген. Андан соң 103 кызматына чалып, бейтааныш адамдар аны бычактап, 25 миң долларын тартып алышты деп жалган маалымат билдирген.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, К.А.нын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.