Turmush — 16-апрель күнү Аламүдүн районунун МТФ айылында Чу дарыясына агып кеткен адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Издөө иштерине 17-апрель күнү 8 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылган. Бирок жыйынтык болбой, издөө иштери убактылуу токтотулган. Аны табуу аракеттери бүгүн да улантылат.