Turmush — Бүгүн,17-апрель күнү Талас районунун Көк-Кашат айылында уюң жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачылды.
Маалым болгондой, тшкана жергиликтүү ишкер тарабынан демилгеленип, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун каржылык колдоосу менен 6 млн сомго керектүү жабдуулар алынган. Бул жерде күнүнө 500 кг чейин жүн тытууга болот. Ишкана 10 адамды жумуш орду менен камсыздайт.