Turmush — Жалал-Абад шаарында жумушсуз жүргөн жарандар үчүн 1700дөн ашуун бош орун сунушталды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, «Чоңдорго билим берүү» аталышындагы фестиваль калаадагы Б.Алыкулов атындагы драма театрынын алдында Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду. Ага жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү студенттери, жумуш берүүчүлөр жана жумушсуз жарандар катышты.
Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова бир жылда эки ирет уюштурулган жармаңкеде жумушсуз жарандар иш таап жатканын айтты.
«Бош жумуш орундар жармаңкеси Жалал-Абад шаарында жаз жана күз айларында уюштурулуп турат. Алсак, өткөн жылы күзүндө уюштурулган саамалыкта иш издеген 200дөй киши жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп, жумушка орношкон. Бүгүнкү күнү да 1700дөн ашык бош орундар сунушталып жатат. Анын 1 миң иш ордун калаадагы кондитердик ишкана алып келген. Калганын кызмат көрсөтүү, тейлөө жана жеңил өнөр жай тармагында ишмердигин алып барган ишканалар сунуштап жатышат.
Аны менен бирге кесиби жок жарандар үчүн атайын кыска мөөнөттүү окууга багытталган программа боюнча да маалыматтарды берип, каттап жатабыз. Иш-чаранын максаты жумуш берүүчүлөр менен иш издеген тараптарды бир аянчага чогултуу болуп эсептелет», - дейт Жакыпова.
Мындан сырткары ал акыркы жылдары кесиби жок жумушсуз жарандарды окутуу боюнча жумуштар жүрүп жатканын, жыл башынан бери калаадагы 39 жаран кыска мөөнөттүү кесипке багыттаган окутуудан өтүп, сертификатка ээ болуп, жумушка орношконун кошумчалады.
2025-жылдын 1-апрелине карата Жалал-Абад шаарында расмий жумушу жок катары 150 жаран каттоодо турат.