Turmush — Кечээ, 16-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Жалал-Абад облустук Славян диаспорасы тарабынан «Фронт ырлары жаңырат» аттуу 4-аймактык фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн аскер-деңиз флотунун ардагерлери, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы, окуучулар жана студенттер катышты.
Алгач аскер-деңиз флотунун ардагерлери «Жеңиш» эс алуу багындагы өчпөс отко жана аскер-деңиз флотуна арналган монументке гүл коюп, курман болгон жооркерлерди эскеришти.
Андан соң Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында аталган фестивал өтүп, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан фронт ырлары жаңырды.