Turmush — Социалдык тармактарга Ош шаарындагы №38 Б.Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясында окуган окуучулар ууланганы тууралуу маалымат тарады. Анда мугалимдер мектептин алдында белгисиз жаран балдарга таттууларды сатып, андан кийин балдар ууланып, ооруканага жеткирилгенин айткан.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, окуя каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Курсанали Таашевдин айтымында, ооруканага 9 бала кайрылган.
«Б.Алыкулов мектебинен кечээ күнү 9 бала келип түшкөн. Алардан кооптуу эч кандай оору аныкталган жок. Амбулатордук жардам көрсөтүп кетиргенбиз. Шириндиктен ууланган боюнча мааалымат болгон эмес, болгону жеңил оору менен келишкен», - деди Таашев.