Turmush — Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда жол эрежесин бузгандар «Автоураган» аппараты менен жабдылган унаалар жана дрон аркылуу аныкталып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол-унаа кырсыктардын алдын алуу, өзгөчө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын болтурбоо максатында карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоо иш-чарасы күчөтүлөт.
«Ураган» жабдыгы менен жабдыкталган патрулдук унаанын жардамы менен карама каршы же ошол эле багытта бара жаткан унаалардын ылдамдыгы ченелип турат. Бекитилген ылдамдыкты ашырган айдоочуларды аныктоо иш-чарасы күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларды дрон менен байкоо жүргүзүү программасы ишке кирип, жол эрежесин бузган айдоочуларга укук бузуулар жөнүндө протоколу түзүлүүдө.
«Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда акыркы учурда жол-унаа кырсыктары көп катталганына байланыштуу дрон учуруп, байкоо жүргүзүү, жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо менен иш алып барууну баштады. Учурда дрон менен байкоо жүргүзүү программасы Бишкек—Ош унаа жолунда дагы жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Рейддик иш-чаранын алкагында кечээ, 16-апрелде 2 сааттын ичинде 30дан ашуун айдоочуга протокол түзүлдү.