Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна иш сапары менен келди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө А.Касымалиев «Үч чоку» тоо лыжа комплексине баруучу жол тилкелерин реконструкциялоо долбоору менен таанышты.
Анда 4 тилкелүү Каракол—Боз-Учук жолу (46 чакырым), 2 тилкелүү Боз-Учук—Жыргалаң (14 чакырым) жолу түшөөрү маалым болду.
------------------------------------------------------
Turmush 2024-жылдын март айында Ак-Суу районунда «Үч чоку» долбоорунун бет ачары болгонун жащган.
Анын алкагында Франциядан келген инвесторолор жергиликтүү калк жана Ак-Суу районунун администрациясы менен жолугушууларды өткөргөн.
Долбоор Франция менен Кыргызстандын өкүлдөрү ишке ашырат. «Үч чоку» долбоору Боз-Учук, Ак-Булак жана Жыргалаң айылдарындагы үч чокуну камтыйт. Мындан тышкары өнүктүрүүнүн башкы планында келечекте 3 чокуну бириктире турган асма жолдорду куруу каралган.
Асма жол жыл бою иштейт.
Жыргалаң айылы фрирайд (писттен тышкары лыжа) сүйүүчүлөрүнүн арасында популярдуу. Туристтер бул жакка негизинен Европа өлкөлөрүнөн келишет, анткени тоолуу аймак лыжа тебүүгө ыңгайлуу.
- «Үч чоку» тоо-лыжа курортунун долбооруна ылайык, биринчи чокуну куруу 2023-жылга чейин, экинчи чокуну куруу 2035-жылга чейин, ал эми үчүнчү чокуну 2040-жылга чейин куруу пландалган.