Turmush — Бүгүн, 17-апрель күнү Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылында 70 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, анын сметалык баасы 75 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин «КG Сервис» ЖЧК аткарат. Мекемени быйыл куруп бүтүрүү пландалган.
Бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Жогорку кеңештин депутаттары, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдер катышты.
- Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «КG Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому 2024-жылы 10-январда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Джумашаева Айчүрөк Абдыкадыровна көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.