Turmush — Талас шаарында жаз мезгилинде алманын баасы кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдиришти.
«Учурда алманын баасы кымбаттады. Чет жактан келген мөмө-жемиштер эмес, жазга карата алманын баасы өстү. Кышы менен 50-60 сомдон сатылган. Учурда сортуна жараша 120 сомдон 170 сомго чейин сатылып жатат. Буга муздаткычтарга сакталган алманын башка жакка экспортко кетип, өзүбүзгө аз санда келип жатканы себеп болууда», - деди алар.