Turmush — Каракол шаарында мал уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүлөр сарайга 3 ирет уурулукка киришкен.
«2025-жылдын апрель айында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 2003-жылы туулган — Каракол шаарынын тургуну Э.Э. арыз менен кайрылган. Арыз ээси март айынын аягында жана апрель айынын башында өзүнүн жашаган дарегиндеги сарайдан 3 ирет койлор уурдалганын билдирген. Жалпы жонунан 5 баш кой жоголгон.
Факт Каракол ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Ө.Н. жана 2000-жылы туулган А.М. аттуу Каракол шаарынын тургундары кармалган. Алдын ала тергөө учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толук мойнуна алышкан. Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Тергөө амалдары уланууда», - деп айтылат маалыматта.