Turmush — Кара-Кулжа—Алайкуу жолунда жана Жаман-Тал тилкесинде жер көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шагыл куюлмалары түшкөн.
«Кара-Кулжа—Алайкуу жолу Капчыгай айылындагы жол. 16-апрелде саат 15:40тар чамасында Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 41-80 км арылыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 2 жерден шагыл куюлмалары түшүп, жол жабык. №26 жол тейлөө мекемесинен 1 даана жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүп жүрөт. Жамгыр жаап жаткандыктан тазалаган жерге кайра куюлмалар түшүүдө.
Ошондой эле 15-апрель күнү кечки саат 17:00-18:00дөр чамасында Өзгөн райондук №5 жол тейлөө мекемесинин карамагында турган Мырза-Аке—Кара-Шоро автоунаа жолунун Жаман-Тал тилкесинин 50-чакырымында жер көчкү түшүп, аталган жолдо каттам убактылуу токтоп калган.
16-апрель күнү саат 15:00дө Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы М.Н.Жылдызев, "Кара-Шоро" мамлекеттик жаратылыш паркынын директору С.Койлубаев, Өзгөн райондук №5 жол тейлөө мекемесинин тиешелүү эки кызматкерлери менен аймакты жеринде көрүп чыгуу боюнча жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет.
Мындан сырткары, Ноокат—Папан автожолунун 23-чакырымындагы Чоң-Мурун тилкесиндеги Эшме-Сел сайын суу каптаган, бирок автоунааларга 2 тараптуу каттам бар. №37 жол тейлөө мекемеси тарабынан 1 техника тартылды», деп айтылат маалыматта.