Turmush — Ош шаарында синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 28-январында Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш иш козголгон.
«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган иш-аракеттерге КМШ өлкөлөрүнүн аймагында активдүү мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген «Принцесса Дури» аталышындгы баңги аянтчасынын тиешеси бар экени аныкталган.
2025-жылдын 12-мартында өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды жашырган шектүүлөр аныкталып кармалды. Алар: 2003-жылы туулган А.А.Н. жана анын жубайы — 2002-жылы туулган К.Ы.Н. Алар баңгизаттарды жашыруун ыкма менен ташып, катып жүрүшкөн. Бул жарандар 100 грамм баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды.
2025-жылдын 28-мартында Ош шаарынын аймагында ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип «Принцесса Дури» баңги тобундагы эки жаран — 2004-жылы туулган Ж.М.Ж. (эркек) жана 2005-жылы туулган Ж.Д.С. (кыз) кармалды. Алар жакын мамиледе болушкан жана жогоруда аталган баңги аянтчасында 2025-жылдын февраль айынан бери иштеп келишкен. Бул жарандар шаардагы колледждердин биринин студенттери экени аныкталды.
Ж.Д.С.нын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаттар салынган 4 таңгак табылып алынды. Мындан тышкары Кара-Суу районунун Ташлак айылында болжол менен 15 граммдан баңгизат катылган 2 жашыруун жер табылды.
Ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип башка адамдар да кармалып, административдик протоколдор түзүлдү. Бардык кармалгандар тергөө бөлүмүнө жеткирилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 241 грамм баңгизат жана психотроптук заттар алынды, бул 803 дозага барабар. Алынган баңгизаттардын баасы — 1 млн 566 миң 500 сом», - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып салуу боюнча ыкчам издөө иш-чаралары улантылууда.