Turmush — Базар-Коргон районунун Каба айылындагы бала бакчанын жетекчиси иштебеген кызматкерлерге эмгек акы чегерип, мамлекетке 1 млн 180 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов тастыктады.
Ишти райондук прокуратурасы текшерүүгө алып, бакча жетекчисин чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирген. Бирок ал азыр Базар-Коргон шаарындагы башка бала бакчада жетекчилик кызматты аркалап жатат.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов аты аталган жетекчи Н.К. акыркы 3 айдан бери бала бакчаны бирин жетектеп келе жатканын ырастады.
«Н.К.нын биздин бөлүм менен келишими бар. Ал 5 жыл Каба айылындагы балдар бакчасында жетекчи болуп иштеп келген. Азыр жетекчилик нөөмөтү аяктап, быйыл январда калаадагы балдар бакчасынын бирине жетекчи болуп дайындалган. Январь айында жергиликтүү тургун анын үстүнөн көзөмөл органына бакчада финансылык мыйзам бузуучулук бар экенин айтып арыз менен кайрылган экен. Текшерүү учурунда чындыгында Н.К. жетекчи болуп турганда иштебеген кызматкерлерге айлык чегерип келгени аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим чыгып, 1 млн 180 миң сом төлөп бериптир. Райондук прокуратура ага карата каттуу тартиптик жаза колдонуу боюнча сунуштама берген. Ал боюнча жетекчине катуу чөгүш берилди. Учурда башка балдар бакчасында 6 айлык мөөнөт менен жетекчи болуп иштеп келе жатат», - деди Жалилов.
Мындан сырткары ал сөз болуп жаткан жетекчи өзүнүн жолдошун балдар бакчасына кароолчу кылып жумушка кабыл алып, акы төлөп келгенин ырастап, ал боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн жекекчисине да сөгүш берилгенин кошумчалады.
Базар-Коргон районунда 52 мамлекеттик балдар бакчасы бар. Анда 6923 бала тарияланат. Аталган мекемелерде жалпы 982 кызматкер эмгектенип келет.