Turmush — Республикалык олимпиаданын IV этабына Ысык-Ата районунан 4 окуучу катышып, анын экөө жеңүүчү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары Нармин Абасова (биология) 2-орунга жана Богдан Савойско (физика) 3-орунга ээ болгон. Жеңүүчүлөргө диплом жана сертификат (планшет) тапшырылды.
Кант шаарынын тургуну Богдан Савойско 2007-жылы 31-августта төрөлгөн.
«Олимпиадага абдан көп даярдангам, былтыр ноябрда кайра даярдана баштагам. Былтыр республикалык олимпиадага катышып, облустук этапта 4-орунга ээ болгом. Быйыл тажрыйба топтоп, бир аз билимим менен бул олимпиадага экинчи жолу барып, республикалык этапта байгелүү орунга ээ болдум. Албетте, кыйынчылыктар болду, бирок мен бул олимпиадага даярданууга мүмкүнчүлүк түзүп берген мектебиме ыраазычылык билдиргим келет.
Физика боюнча олимпиаданын республикалык этабында апелляцияны саат 19:00дөн түнкү 02:00гө чейин күткөнүбүз ары кызыктуу, ары эсте каларлык болду. Анткени көптөгөн катышуучулар көпкө чейин экзамен тапшырып отурушту. Аябай кеч болуп кеткендиктен толкундануу да, коркуу да жоголуп, тез эле бүтүрүп, уктасакпы деп калганбыз.
Бардык сабактардын ичинен физиканы жакшы көрөм. Бирок математика менен химияны физикадан кем эмес жакшы көрөм. Баскетбол ойнойм, жакында мектеп лигасында мелдеш болуп, биздин команда облустук этапта 3-орунга ээ болду. Мындан сырткары, англис тилин үйрөнүп жатам. Мен дагы чет өлкөдө окуп, Япония, Америка жана башка ушулар сыяктуу ар кайсы өлкөлөргө баргым келет», - деди ал.
Үй-бүлөдө чоң ата, чоң энеси, апасы болуп жашайт.
Нармин Абасова 2008-жылы Кант шаарында төрөлгөн.
«Бала кезден ар кыл спорт менен машыктым. Учурда фитнес залга барып турам. Китеп окуганды, сүрөт тартканды жакшы көрөм. Мектепте биология, химия, англис тил сабактары жагат. Үй-бүлөдө чоң энем, атам, апам, эжем, иним жана мен болуп жашайбыз», - деди ал.