Turmush — Бүгүн, 16-апрелде Кадамжай районунун Ак-Өргө айылында жол кырсыгы катталып, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык саат 14:30 чамасында болгон. Жолдо «Хонда СРВ», «Хундай Портер» жана «Жигули» үлгүсүндөгү унаалары кагышты.
Кырсыктан 10 адам жабыркап, алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылууда.
Кийинчерээк, Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалыматты тастыктап, окуя Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталганын, кырсыктын жагдайлары такталып жатканын билдирди.
Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам жабыркаган. Алардын бирөөсү каза болуп, төртөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
1. У. А. 1998-жылы туулган, Көк-Талаа айылы (баш мээси чайкалган, сол сан сөөгү аралаш сынган, оор абалда);
2. К.О. 2009-жылы туулган, Баткен (баш мээси чайкалган, маңдай жагынын көгөргөн жаракаты бар, оор абалда);
3. Н.У. 2009-жылы туулган, Кара-Бак айылы (баш мээси чайкалган, оң бутунун сөөктөрү сынган, оор абалда);
4. У.М. 2018-жылы туулган, Айрыбаз айылы (оор абалда);
5. И. кызы К. 1994-жылы туулган, (оң жак ийини сөөгү жабык сынган, орточо оор абалда);
6. У.К. 2013-жылы туулган, (кыз) Көк-Талаа айылы (жамбаштын сол жагындагы жумшак эттери көгөргөн, травматология бөлүмүндө);
7. У.Ж. 2018-жылы туулган, (эркек бала) Көк-Талаа айылы (травматология бөлүмүндө);
8. М. уулу Р. 1993-жылы туулган, Кыргыз-Кыштак айылы (көкүрөк клеткасынын туюк травмасы, травматология бөлүмүндө);
9. Ж.О. 1987-жылы туулган Кара-Буран айылы (оң жактагы жамбаш сөөктөрүнүн жабык сыныгы);
10. Ж.Б. 1970-жылы туулган, (аял киши) Кара-Куран айылы (баш мээси чайкалган, көкүрөгү жана буту-колу көгөргөн);
11. М.М. 1956-жылы туулган, Кыргыз-Кыштак айылы (баш мээси чайкалган, сол жактагы балтыр сөөгүнүн жабык сыныгы аралаш);
12. М.З. 1980-жылы туулган, (аял киши) Кыргыз-Кыштак айылы (сол жактагы жамбаш бөлүгүнүн ачык, майдаланган сыныгы аралаш);
13. Ж.Т. 1972-жылы туулган (аял киши) Дара айылы (каза болгон).