Turmush — Баткенде издөөдө жүргөн 31 жаштагы адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка караганда, Лейлек районунун 31 жаштагы А.А. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренесинин 4-бөлүмү («бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү») боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан изделип жаткан. Бул факты боюнча Баткен РИИБ тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, анын Бишкек шаарынан кармалды. Анын өздүгүн тастыктаган документтери менен Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына мыйзам чегинде өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.