Turmush — Лейлек районунда алдамчылыкка шектелген 29 жаштагы адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Э.Ф. аттуу адам Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү 1-пункту («алдамчылык») боюнча айыпталып, милиция тарабынан издөөдө болгон. Иликтөө аракеттеринин негизинде Э.Ф.нын Бишкек шаарында жүргөн жери такталып, Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Азыркы учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.