Turmush — Кадамжай шаарында түнкүсүн унаалары менен бейбаштык жасаган 2 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, «Тойота Каролла» жана «Хундай Сантафе» үлгүсүндөгү унаалар башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан. «Тойота Каролла» унаасын каршы тилкеге чыгып айдаса, «Хундай Сантафе» унаасы атайын жарык берүүчү светдиотту орнотуп алган.
Кармалган унаалар айып короого киргизилип, айып пулдар салынган.