Turmush — Каракол шаарында чакан элдердин маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болуп саналат. Бул миссияга өзүн арнаган дунган улутунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Салима Алиева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Салима Алиева 1975-жылы 23-июнда туулган. Жогорку экономикалык билим алып, Каракол инкубатордук станциясында иштейт. 4 баланын апасы жана дунган бийин жаштар арасында жайылткан бий тобунун негиздөөчүсү. Анын чыныгы чакырыгы балдарга англис тилин үйрөтүү жана бий аркылуу элинин маданий мурастарын өнүктүрүү болгон.
«Болжол менен 15 жыл мурун мени шаардык иш-чарага чакырышкан. Анан биздин этникалык топтун маданият чөйрөсүндө дээрлик эч кандай өкүлү болбогону мени капа кылды. Ошондо бий тобун түзүү идеясын ойлодум. Алгач бул жөн гана идея болчу, бирок жыл өткөн сайын бизге шаардан да, Ырдык айылынан да көп балдар келе баштады. Дунган бийлери дээрлик жок. Алар кытайлардыкына окшош: кичинекей кадамдар, атрибуттарды колдонуу — кол чатырлар, желдеткичтер, ленталар, кагаз шарлары болот. Бийлер өтө жупуну, атүгүл бир аз чектелип турат. Музыкасы эреже катары жай болот. Биздин бийлер кыздардын жөнөкөйлүгүн, токтоолугун жана назиктигин чагылдырат», - деп түшүндүрөт Салима.
Алар өз алдынча импровизациянын катуу методикасы жок жана дунган стилинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бий жаратышат.
«Дунган бийинде колдонууга болбой турган элементтер бар. Мисалы жамбашты кыймылдатууга, жаныбарларды же канаттууларды чагылдырууга, бат-баттан кыймыл жасоого болбойт. Биз кээде кече бийинин элементтерин колдонобуз», - дейт ал.
Бий тобу тез өсүп, бүгүнкү күндө командада 20га жакын катышуучу бар. Жаш болгонуна карабастан, балдар бий аркылуу физикалык өнүгүүнү гана эмес, дунган маданиятынын сулуулугун жана жөнөкөйлүгүн көрсөтүп, руханий жактан байлыкты да алышат.
«Биз бардык жерде жана бардыгы үчүн бийлейбиз, мисалы спортчуларды колдоо максатында, кайрымдуулук концерттерде, мектептерде, парктарда, шаарлардын жана айылдардын аянттарында концерт беребиз. Катышканыбыз үчүн акча талап кылбайбыз. Биздин максатыбыз дүйнө жүзүнө башкалар сыяктуу эле момун эл бар экендигин көрсөтүү. Бий аркылуу биз адамдарды, айрыкча жаштарды ар кандай маданияттар менен тааныштырабыз жана биздин бийчилер дагы башка элдердин маданиятын таанып, өнүгүшөт.
Акыркы жылдары Кыргызстанда жашаган башка элдердин: уйгур, өзбек, татар, грузин жана башка улуттардын бийлерин бийлей баштадык. Алардын эң сүйүктүү бийи кыргыз бийи.
Топ "Асаль" деп аталат. Топто 100дөй кыз бар болчу. Алардын ар бири эсимде. Мага музыкалык мектептин бий мугалими, хореограф Надира Рысбековна жардам берет», - дейт Салима.
Кийген костюмдарга өзгөчө көңүл бурулат. Алар ата-бабалар менен байланышта болууга жардам берет жана бийлерди жандуу жана эсте каларлык кылат.
«Костюмдар чоң мааниге ээ. Аларды тигүү үчүн мен демөөрчүлөрдү издейм. Бизде салттуу кийимдер кызыл, кызгылт же кочкул кызыл көйнөк, ага шым, кытай стилиндеги бекиткичтери жана жакалары бар узун көйнөктөр бар. Орнамент саймалуу оймо-чиймелер: пиондор, розалар, алча гүлдөрү, ажыдаарлар жана башкалар болот. Дунгандардын негизги баш кийими агыш жана ири гүлдөр. Алар тазалыкты жана уникалдуулукту билдирет. Биздин улуттук кийимдер күнүмдүк кийимден баштап, үйлөнүү үлпөт кийимине чейин кытайлардыкына окшош болот. Ар бир элдин өзгөчөлүгү бар. Алардын каада-салттары, маданияты, тили, үрп-адаттары мен үчүн абдан кызыктуу. Ырлар, макал-лакаптар, бийлер, үрп-адаттар, жада калса татымдарында дагы алардын акылмандыгы жана жөнөкөйлүгү камтылган. Алар бизге жашоонун бүт илимин беришет. Мен өмүр бою иштеп, жаңы нерселерди таап, үйрөнүп, өнүгүп келе жатам жана муну эч качан токтотпойм. Мен муну балдарыма үйрөтөм. Анткени жашоо сонун жана сырдуу эң башкысы приоритеттерди гана коюу керек», - дейт Салима.
Концерттерди уюштуруу көп күчтү талап кылат. Салиманын негизги түйшүктөрүнүн бири ар кандай аба ырайында балдардын коопсуздугун кароо.
«Ар кандай жумушта кыйынчылыктар болот. Концерттерди уюштурууда көптөгөн нюанстар бар. Иш-чараларда мен балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуумун. Алар суукта да, ысыкта да бийлешет. Ошондуктан, мен алардын ден соолугуна дайыма тынчсызданып турам. Кээде балдар психикалык жактан чарчап калышат, анда мен алардын рухун көтөрүү үчүн мотивациялык ыкмаларды колдоном.
Ийгиликтүү бийчи болуу үчүн күчтүү каалоо, тактык жана үзгүлтүксүз катышуу керек. Эгер адам максатка жетүүнү кааласа ал колунан келгендин баарын жасап, өзү менен иштеши керек. Топту кеңейтип, элдик бийлерди үйрөнүүнү улантууну пландап жатам. Дүйнөнүн кичи элдеринин элдик бийлери менен таанышуу максатында гастролго чыгууну пландап жатам», - дейт ал.
Салима дунган элинин коомдук бирикмесинин ишине активдүү катышат.
«Биз Нооруз, Масленица, Жеңиш күнү, Эне тил күнү, Эгемендүүлүк күнү, Сабантуй, Көчмөндөр оюндары, Масанчы айылынын 140 жылдыгы (Казакстан) жана башка көптөгөн иш-чараларга катышканбыз.
Бизди мэрия, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бийлиги, Кыргызстан элинин Ассамблеясы көп чакырышат. Эң эсте калганы көчмөндөр оюндарына катышуу болду. Иш-чараларда төрага Анвар Наншанла менен бирге улуттук тамак-аш үстөлдөрүн, прикладдык искусство көргөзмөлөрүн, улуттук кийимдердин көргөзмөлөрүн жана дунган тилиндеги китептерди окууну уюштурабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.