Turmush — Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы 392 гектар жерге сабиз эгилди. Бул тууралуу айыл аймак башчысынын орун басары Орозбек Ганиев билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 6 миң тонна түшүм өндүрүү пландалууа.
«Быйыл аймакта 392 гектар жерге сабиз айдалууда. Түшүмдүүлүк 6 миң тонна деп күтүлүп жатат. Ошол сабизди сактоо максатында Ормош айылына муздаткыч курулган. Бул логистикалык борбор дыйкандардын сурануусунун негизинде салынды.
Сабиз жулуу мезгилинде сабиздин килограммы 15-20 сом кээде 5 сомго чейин да түшүп кетет. Ал эми азыр сабиз баасы 40-50 сом. Ошондуктан дыйкандардын түшүмүн сактоо үчүн муздаткыч курулду.
Азыр эми облусту өнүктүрүү программасынын алкагында Жаңы-Коргон айылына дагы курулуп жатат. Азыр 80-90% бүттү, кийинки жылга пайдаланууга берилет. Ал эми Жал айылына дагы логистикалык борбор курулган. Дыйкандар сабиз, картошкаларын сактап жатышат. Негизи Жаңы-Коргон, Жал айылдарында сабиз көп айдалат. Мөмө берүүчү дарактарга сууктук кылат. Ошондуктан ал жакта картошка, сабиз жакшы болот. Ошого карап 2 айылга тең муздаткыч кампасын курдук. Бул ушул 2021-2035-жылдардагы Баткен облусуну өнүктүрүү программасынын алкагында курулду», - деди ал.
Дыйкандар 10 сотых аянтка 1 килограмм сабиз үрөнүн айдашат. Мындан күзүндө 10 тоннага чейин түшүм алат.