Turmush — Бүгүн, 15-апрелде Талас шаарында 2006-жылы кызмат учурунда куралдуу кылмышкерлердин колунан каза тапкан милициянын капитаны Мелис Ниязалиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол уюштурулду. Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, мелдешке Талас облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери, Мелис Ниязалиевдин жакындары катышышты. Талас ОИИБдин башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов ал каза болгондон кийин президенттин жарлыгы менен «Эрдик» медалы тапшырылганын эске салды.
Мелдешке 8 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунга ИИМдин атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отряды ээ болду. 2-орунду Талас РИИБдин, 3-орунду Айтматов РИИБдин командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелис Ниязалиев 1978-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. 2000-жылы ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебин аяктаган соң, ички иштер органдарында өз кызматын баштаган. Оперативдик кызматтарда иштеп, 28 жашында Бакай-Ата РИИБдин башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары кызматын ээлеп турган учурда, 2006-жылдын 16-ноябрь күнү РИИБдин алдынан кылмышкердин колунан курман болгон.