Turmush — Ак-Суу районунун Хан-Тенири айыл аймагына караштуу Токтогул айылындагы А.Сыдыкбеков атындагы жана Боз-Учук айылында М.Чөкүев атындагы мектептер курулуп жатат. Бул тууралуу Хан-Тенири айыл аймагынын башчысы Сагындык Бараканов билдирди.
Анын айтымында, мектептер октябрь айында ишке берилет. 2 мектеп тең 1970-жылдары салынынган. Экөө тең ӨКМдин корутундусуна ылайык жараксыз деп табылган.
«Имараттар Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоору аркылуу курулуп жатат. Курулуш 2025-жылдын октябрь айында бүткөрүөт», - деди ал.
Токтогул айылындагы А.Сыдыкбеков мектебинде 310 окуучу билим алат. Боз-Учук айылындагы М.Чөкүев атындагы мектебинде 290 окуучу окуйт.