Turmush — Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы бөлүмдөргө жаңы жетекчилер дайындалды.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка ИИМден кол коюлду. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын подполковниги Болотбек Бактыгулов жана Жалал-Абад ОИИБдин кадр бөлүмүнүн башчысы кызматына милициянын майору Канатбек Полотов дайындалды.
Бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.