Turmush — Кечээ, 15- апрелде Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлардын облустук тандоо этабы өтүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, ага 14 жаштан 18 жашка чейинки 20га жакын окуучу катышты. Алар «Аскер жылдарындагы ырлар», «Патриоттук ырлар» жана «Көркөм окуу» номинациялары боюнча өз таланттарын көрсөтүштү. Ошондой эле Панфилов районундагы «Башат» балдардын чыгармачылык билим берүү мекемеси тарабынан даярдалган көргөзмө коюлду.
Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү окуучулар 1-орунду багындырып, республикалык турга жолдомо алышты:
- «Патриоттук ырлар» номинациясынан: Улукбеков Ариет, Панфилов районунун М.Шейшеналиев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу;
- «Көркөм окуу» номинациясынан: Расул Токтобеков, Токмоктогу И.Укуев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу;
- «Аскер жылдарындагы ырлар» номинациясынан: Иван Плахотин, Чүй- Токмоктогу жатак мектептин 9-классынын окуучусу.
Кант шаарындагы 1-орто мектептин бүтүрүүчүсү Алия Эралиева кыргыз жигиттерин даңазалап ырдаса, Кемин районундагы академик Б. Юнусалиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуусу Фатима Абдыкадырова гала-концерте жолдомо алды.
«Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулду. Ал патриоттук ырлардын, көркөм окуулардын негизинде балдардын Ата Мекенге болгон сүйүү сезимин арттырууга багытталган», - деди облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева