Turmush — Ош шаарында 38 жаштагы аял кишини өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-апрелде Ош шаардык сотунда шектүү — 2006-жылы туулган Ж.Э.нин баш коргоо чарасы каралды. Ал 2025-жылдын 14-июнуна чейин камакта калтырылды. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалганын, экспертизалардын жыйынтыгы менен шектүүгө карата дагы оор беренелер менен кылмыш иш козголушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ош шаардык сотунун 15-апрелдеги токтомунун негизинде Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен шектүү Ж.Э.ге карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 2025-жылдын 14-июнуна чейин колдонулду.
---------------------------------------------------------
Turmush Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шилтеме берүү менен 38 жаштагы аялдын өлүмүнөн кийин 19 жаштагы жигит кармалганын жазган.

Маалыматка караганда, окуя 2025-жылдын 14-апрелинде болжол менен таңкы саат 04:10 чамасында катталган. Анда Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан турак үйдөн 1987-жылы туулган Т.Ж. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.
Маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тиешелүү кароолор жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана башка керектүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул окуяга шектүү катары Ош шаарынын 2006-жылы туулган тургуну Ж.Э. кармалып, тергөө органдарына жеткирилген.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү таң эрте уурулукка кирип, келинди муунтуп өлтүрүп, унаасын айдап кеткен. Ал 3 ай мурун маркум келиндин үйүндө ижара акысын төлөп жашап жүргөн.