Turmush — Чүй облусунун Панфилов районундагы багбандар кулпунайдын альбион сортун өстүрүүнү колго алышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, райондо жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Буга чейин тургундар кулпунайды өз бакчасына гана өстүрүп келишсе, жакынкы жылдардан баштап альбион сортуна өзгөчө көңүл бөлүнө баштады. Тактап айтканда, 2023-жылы кулпунай 1 гектар гана жер аянтына өстүрүлсө, 2024-жылы 20 гектарга жеткен. Ал эми үстүбүздөгү 2025-жылы 25 гектар жерге өстүрүү мерчемделүүдө.
Багбанчылардын айтымында, кулпунайды өстүрүү жердин климатына туура келет.
«Өзгөчө кулпунайдын альбион сортуна көңүл бөлө баштадык. Аны өстүрүү кирешелүү тармакка айланды. Анын өзгөчөлүгү — үзүлтүксүз жана узак мөөнөткө чейин түшүм берет. Аны май айынан баштап сентябрь айынын аягына чейин жыйнап алууга болот. 1 түбүнөн эле 1-2 килограммдан түшүм берет. Сатып, киреше табууда кардар да көп жана коңшу өлкөлөргө экспорттого да ыңгайлуу», - деди багбанчылар.
Альбион сапаты боюнча эң жакшы коммерциялык сорттордун бири болуп саналат. Ал Америкада чыгарылып, суук түшкөнгө чейин мөмө байлайт. Мөмөсүнүн салмагы 30 граммдан 50 граммга чейин жетет.
Кулпунайдын бул сортун өстүрүүдө ылайыктуу жер тандоо керек. Ал күнөстүү жерде жакшы өсөт.