Turmush — Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагындагы «Торговый» мал базарына салмагы 1 тоннаны чапчыган бука кирди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Анын ээсинин айтымында, швиц породасындагы бул бука 3 жаштан өтүп калган. Анын баасы 320 миң сом деп коюлган. Бука бир аз арык болгондуктан канча килограмм эт берүүсүн божомолдоо кыйын дейт. Бул буканы негизинен эт эмес, урук алуу максатында пайдаланышат.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, азыркыга учурда букага кардар болгондор көп болгондуктан баасы абдан кымбаттаган учур. 1 жаштагы буканын баасы эттүүлүгүнө карап 75 миң сомдон 85 миң сомго чейин болуп жатат.