Turmush — Таластагы улуттук «Манас Ордо» комплекси реконструкцияланат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ 15-апрель күнү маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин катышуусунда «Манас Ордону» реконструкциялоо боюнча жолугушуу өттү. Анын алкагында реконструкциялык долбоорлор сунушталып, комплекстин учурдагы абалы жана аткарылуучу иштер талкууланды.
Ошондой эле айрым көйгөйлүү маселелер жеринен талданып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.