Turmush — Кечээ, 14-апрель күнү Кант шаарында кыздар жана балдар арасында баскетбол боюнча өтүп жаткан мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мелдеш «Мектеп лигасы» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Баскетбол боюнча кыздар арасында жыйынтык:
1-орун – Сокулук району, Совхоз Фрунзе орто мектеби;
2-орун – Ысык-Ата району, Ванахуна орто мектеби;
3-орун – Москва району, Петровка орто мектеби.
Баскетбол боюнча балдар арасында жыйынтык:
1-орун – Сокулук району, Совхоз Фрунзе орто мектеби;
2-орун – Аламүдүн району, Кара-Жыгач орто мектеби;
3-орун – Ысык-Ата району, Зубкова орто мектеби.