Turmush — Ат-Башы районунда дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш Ишеналы Турганбаевдин жаркын элесине арналып, ага жалпы 12 командадан 210 спортчу катышты.
Алгач сөз Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке берилди.
Жалпы командалык эсеп:
- 1-орун — Ат-Башы районунун спортчулары;
- 2-орун — Жумгал районунун командасы;
- 3-орун — Чүй облусунун командасы.
Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланды. Турнирдин өтүшүнө демөөрчүлүк кылган Ишеналы Турганбаевдин уулдарына, Дзюдо федерациясынын уландар арасында башкы машыктыруучусу Алибек Чороевге, дзюдо күрөшү боюнча Азия чемпиону Эсенбек уулу Шатманга ыраазычылык каттар тапшырылды.