Turmush — Жыл сайын дарыгерлерге апрель-май-июнь айларында кене чаккан көп учурлар каттала баштайт. Себеби кышы бою ачка жаткан кенелер жанданып, жылуу кандуу жандыктардын каны менен азыктанууга аракет кыла башташат.
Кене энцефалити тууралуу Ат-Башыдагы кара тумоого каршы бөлүмүнүн эпидемиологдун жардамчылары К.Асаналиев жана Ж.Дубанбаева маалымат беришти.
Кене энцефалити — борбордук нерв системасын жабыркатып, өтө оор өткөн, шал болууга чейин алып барган жугуштуу оору.
Кенелер көбүнчө адамдар токойлорго барган учурда чагат. Бирок кээде токой, талаалардан кийимге, гүлдөргө, жер-жемиштерге, үй жаныбарларына жабышып келген кенелер да оорунун булагы болот. Мындан башка тамак-аш аркылуу да (көбүнчө эчкинин, кээде уйдун чийки сүтү менен) жугат.
Кенелер күнү-түнү да, жаанда да, күн ачыкта да жабыша берет. Кийимге жармашкан кенелер кийимдин астына жөрмөлөп киргенге аракет кылышат. Алар дененин бардык бөлүктөрүнө жабыша берет. Бирок көбүнчө моюнга, бел жакка, дененин чачтуу жерлерине, такым жакка жармашат. Кененин териге жабышкандыгы адамга көп учурда сезилбейт. Себеби ал адамдардын сезгичтигине байланыштуу болот. Кене сездирбей чаккандыктан, чаккандыгы билинбестен кала берет. Чаккандан кийин экинчи же үчүнчү күнү гана кене жабышкан жердин айланасы кызарып, ооруксуна баштайт. Канга тойгон кене өзү эле түшүп калат.
Кене энцефалитин бардык адамдар жашына, жынысына карабастан жугузуп алышат. Көбүнчө жугузуп алуу коркунучу токой, талааларда көп жүргөн жарандар болушу мүмкүн. Ал эми айыл тургундары эс алууга, отун, жер-жемиш, чөп жыйнаганга, балык уулаганга, мергенчиликке же сейилдөөгө чыкканда кенелер жабышат.
Оорунун козгогучу — вирус. Бул вирус тери менен кирип кан аркылуу мээге жетип ооруну козгойт.
Оорунун белгилери — көп учурда оорунун биринчи белгилери кене чаккандан кийин 3-14 күн аралыгында билине баштайт. Оору курч кармайт, дене табынын жогорулашы, баштын катуу оорушу, кусуу, сезгичтиктин жогорулашы, булчуңдардын оорушу менен коштолот. Ошондой эле эсин жоготуу, психикалык жактан өзгөрүлүү, жөөлү, булчуңдардын тырышуусу (судороги) мүмкүн.
Сактануу жолдору:
- Токой, талаадан келгенден кийин кийимдерди чечип, денени карап чыгып, кийимдерди сыртка күбүш керек;
- Жаш балдар эшиктен ойноп келгенден кийин ата-энеси кийимин, денесин жакшылап карап туруу керек;
- Жумушу токой, талаа менен байланышта болгон адамдар атайын жазында кене энцефалитине каршы эмдөө алып, өздүк коргонуучу кийимдери менен иштеши керек.
- Кене чаккан учурда токтоосуз дарыгерлерге кайрылуу керек. Ал эми дарыгерге кайрылууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда үй шартында атайын сактануу эрежелери менен кенени алып салуу керек:
• Кенени кол менен кармоого болбойт;
• Учтуу каражат менен чукуганга болбойт;
• Кененин курсагынан алууга болбойт;
• Кенени тиш менен жулуп салууга болбойт;
• Кенени алып жатканда жулуп алууга болбойт;
• Бензин, лак өчүрүүчү суюктук же башка химиялык заттарды колдонууга болбойт.
Үй шартында кенени "пинцет" же жип менен алууга болот. Бирок кенени алаардын алдында оозунан кармоо керек, себеби курсак жагынан кармаганда кенени ичин жарып алып инфекциянын козгогучун жайылтуу коркунучу жаралат.
Териден алынган тирүү кенени ыргытпай банкага же сууланган кебезге ороп, кене энцефалитине изилдөөгө алып баруу керек.