Turmush — Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 38 жаштагы тургуну Таалай Адылов багбанчылык менен алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Таалай Адыловдун айтымында, Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси, агроном болуп эмгектенет.
«30 жылдан бери багбанчылык менен алектенем. Алма, өрүк, алмурут, карагат өстүрөбүз. Өзүмдүн атам агроном, ал көп нерсени үйрөткөн. Атам 40 жылдан ашык айыл чарбада үрөн инспекциясында башкы адистен баштап жетекчи кызматына чейин жеткен. Мени жаш кезинен талаачылыкка, багбанчылыкка, агрономияга шыктап үйрөтүп, окууга түрткү берген. Азыркыга чейин кеңешин берип турат.
Азыр өзүм 2 гектар жерге карагат, 3 гектар жерге алма, өрүк өстүргөм. Жаңыдан түшүмгө кирип жатат. Быйыл алманын баасы чыкпай, 20 тоннадай алманын 10 тоннасын борбор шаарга алып барып, 60 сомдон саттык. Быйыл баа чыккан жок, бирок өзүн-өзү жаап жатат. Былтыр 120-130 сомго чейин сатылган. Биз чет жакка экспорт кыла албай жатабыз. Кыргызстандын ичинде эле сатабыз. Алманын жайкы, күзгү, кышкы түрлөрү болот. Карагаттын жайкы, күзгү түрлөрүн тиксе актуалдуу. Өрүк өстүргөндү азырынча сунуштабайм. Баасы бир жылы 10 сом, бири жылы 50 сом, 100 сом болуп стабилдүү эмес. Карагат менен алманыкы өрүккө салыштырмалуу баасы туруктуу», - дейт ал.
Багбан бактарга убагында кам көрүү керектигин белгиледи.
«Убагы менен дарылабаса, ооруп курттап кетсе, кеч болуп калат. Алма, карагат башкаларга караганда сууга чыдамдуу.
Учурда мамлекеттик жумушта иштеп жана чарбам менен алекмин. Азырынча түшүмдү Кыргызстан ичи эле сатып жатабыз, көп өлчөмдө болсо, чет жакка сатууну пландайбыз. Келечекте айыл чарбасын өнүктүрүп, дыйкандарга жардам берүүнү максат кылам», - деди ал.
Таалай Адылов 4 уулдун атасы.