Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 27 жаштагы Баястан Матисаков. Ал учурда Германиянын Любек шаарында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Баястан Матисаков 1998-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ош шаарындагы М.М.Мадышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика факультетин аяктаган.
«Германияда 4 жылдан бери жашайм. Учурда Любек шаарынын Тиммендорф (Timmendorfer Strand) деген пляждын жанында жашайм. Ал Германиядагы эң популярдуу жээктеринин бири. Мен жашаган аймак Балтика деңизинин жээги. Аба ырайы нымдуу, бирок жагымдуу. Кышында -10° чейин түшөт, жайында 30° чейин жетет. Экономика жагынан Германия дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Жөнөкөй жумуштардан баштап, чоң завод-фабрикаларга чейин иш менен камсыз кылган мүмкүнчүлүктөр көп. Учурда ошол жактагы ресторанда команда жетекчиси болуп иштейм. Ошондой эле, социалдык баракчаларымда кичинекей блогум бар. Анда Германияга келип окуп, иштегиси келгендерге кеңеш берип, колдон келген жардамымды берем», - деди ал.
Германияга кантип келип калган?
«2021-жылы пандемиядан кийин программа аркылуу Германияга келгем. Кесибим боюнча 1 жылдык практика программасы бар болчу. Андан соң Кыргызстандан алган дипломумду Германияда таанытып, жумушка орношуп калып калдым.
Бул жолдо мага эң чоң дем-күчтү апам берди. Ал философия жана тарых боюнча университетте сабак берет, тарых илимдеринин кандидаты. Апам бизге ар дайым “жакшы билим алгыла, чет тилдерин үйрөнгүлө, көп китеп окугула” деп айтып, кичинекей кезимен эле англис тил курстарына өзү алып барып турчу.
Анын кандидаттык темасы “Эгемендүү Кыргызстандын Европа шериктештигине кирген мамлекеттер менен мамилелери“ (Германия, Улуу Британия жана Франциянын мисалында) болгон. Ошондон улам ал мага дайыма “Сен сөзсүз Германияга барып окушуң керек. Андан кийин ошол жактан топтогон тажрыйбаң менен Кыргызстанга кайтып, мамлекетке пайда алып келесиң” деп айтып, мени дайыма шыктандырып турган. Немис тилин үйрөнгөндө да жанымда болуп, кечке чейин китеп кармап отуруп жардам берген учурлары болгон», - деди Баястан мырза.
Немистер абдан маданияттуу, эмгекчил жана так болушат.
«Убакытка болгон мамилелери аябай катуу 6:00дө дешсе, так 6:00дө келишиң керек, кечигүүгө болбойт. Башка улуттарга карата да сый мамиле кылышат. Өзүмдү бул жакта эч качан чоочун сезген эмесмин. Эл толеранттуу жана сылык, бирок албетте, кээ бир учурларда өзгөчөлүктөр да болот.
Мени эң көп таң калтырганы немистердин тартипке жана тактыкка болгон мамилеси. Алар ар бир мүнөтүн пландашат, убакытты жана акчаны текке кетиришпейт. Мындай жашоо образынан көп нерсени үйрөнсө болот.
Эң чоң айырмачылыгы бул экономикалык жана социалдык тартип. Немистер тойлорду ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүшөт, акчаны үнөмдүү пайдаланышат. Биздеги миллиондук тойлор бул жакта жок. Адамдар убакытка, акчага, тартипке өзгөчө көңүл бурушат. Ошондой эле салт-санаа, жашоо образы да таптакыр башкача», - деди ал.
Көп кызыктуу учурлар болгон.
«Бирок бир жолу абдан эстен кеткис окуя болгон. Мени 80 жаштан ашкан немис жубайлар үйүнө чакырышкан. Байланыш түзүп, жакындан таанышып отурдук. Күйөөсү мурунку деңиз капитаны, бүт дүйнөнү кыдырган экен. Аялы болсо психолог-дарыгер. Үйүндө эски каттар, иероглифтер турганын көрүп, кызыгып сурадым. Ал болсо “Бул менин хоббим. Мен тарыхты жакшы көрөм“ деди. Анан бир сөзү мени таң калтырды. Ал “менин билишимче, көзгө жасалган алгачкы операция Азияда тактап айтканда, Самаркандда жасалган“ деди. Ибн Сина өңдүү илимпоздор ошол жакта жашаган. Муну немис аялдан угуп, чын жүрөктөн сыймыктандым. Өзбекстан кантсе да биздин коңшу, тууган өлкө, бул биздин Борбор Азиянын мурасы да.
Кыргыздар жылдан жылга көбөйүп жатат. 4 жыл мурун аз эле болчу, азыр студенттер, жумушчулар көп келе баштады. Биз майрамдарда, футболдук мелдештерде, Нооруз сыяктуу иш-чараларда жолугуп турабыз.
Келечекте Германияда чакан жеке ишкердик ачууну пландап жатам. Бул жактан тажрыйба топтоп, кийин Кыргызстанга кайтып, ошол билимди жана тажрыйбаны өлкөбүздүн өнүгүшүнө колдонсом дейм. Германияда бизнес абдан өнүккөн, демек үйрөнө турган нерселер көп.
Атам жеке ишкер. Үйдө эң улуусунан кийинки эле уулмун. 3 карындашым жана 1 иним бар. Өзүм да Германияда чакан үй-бүлө куруп, жакында ата болдум. Жубайым да мурда Германияда окуп, иштеп жүргөн, азыр бала менен үйдө», - деди мекендешибиз.
Тиммендорфер-Штранд (Timmendorfer Strand) — Германиянын түндүгүндөгү Шлезвиг-Гольштейн федералдык аймагында, Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан курорттук шаарча. Ал Любек шаарына жакын, Гамбургдан болжол менен 80 км алыстыкта орун алган.
Бул аймак Германиядагы эң белгилүү жана популярдуу деңиз жээктеринин бири болуп саналат. Өзүнүн таза пляждары, люкс мейманканалары, жөө басуучу жолдору, кафе-ресторандары жана спорттук-ден соолук борборлору менен белгилүү. Бул жер немистер жана чет элдик туристтер үчүн да жайкы эс алуунун жакшы жери катары таанымал.
