Turmush — Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 64 жаштагы тургуну Байысбек Мамытов Чехиядан монбельярд породасындагы уйларды алып келип багууда. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.
Анын айтымында, уйларды 3 миң доллардан алышкан.
«Мен өмүр бою дыйкан чарба, мал чарба менен алектенип келе жатам. Буга чейин жөнөкөй эле кыргыз кой, уй бакчубуз. Анан уулум ушул монбельярд уйларга кызыгып калыптыр. Сандан сапатка өтүп жаткан учурда бизге дагы жакты. Анан Чехиядан ар бирин 3 миң доллардан чоң 6 уй алдырдык. Быйыл экинчи жылга карап калды. Торпокторуна 1 жыл болду. Майда баш торпоктору менен учурда 15тей турат. Былтыр бирөө абдан сурап келгенден өзүнүн баасына эле 3 миң долларга бердик. 1 жылдык торпокторун 200 миң сомго сурап келип жатышат. Бирок дагы багып туралы, тажрыйба көбөйтөлү деп сатпай жатабыз.
Күнүмдүк режимдери 1 уй 25 кг силос, 6-7 кг жем, 10-15 кг чөп жейт. Муну уккандар «көп жейт, чыгымы көп экен» деп калышат. Бирок бул уйлар эт багытында болгондуктан азыктан түшүрбөй багуу зарыл.
Өзүбүз 2 гектар жерге жүгөрү тигип, 80 тонна жүгөрү алганбыз. Ошону силос кылып басып койгонбуз. Ошол кайра быйылкы түшүмө чейин жетип калат деп жатабыз. Жем, чөптү дагы өзүбүз камдап койгонбуз. Ошондуктан сатып албай, көп эле үнөм болууда», - деди ал.
Фермер жубайы экөө 1 кыз, 1 уулдун ата-энеси.