Turmush — Байланыш туруктуу, ал эми интернет ылдам болушу үчүн Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өлкө боюнча базалык станцияларды куруу жана модернизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Beeline тармагынын активдүү өнүгүшүнүн аркасында заманбап санариптик технологиялар Кыргызстандын алыскы аймактарында да жеткиликтүү болууда.
Акыркы мисал — Баткен облусундагы Өндүрүш айылы. Бул бир нече жүз гана адам жашаган чакан калктуу конуш. Мурда бул жерде байланыштын сапаты начар болгон: сигналдар начар, чалуулар үзгүлтүккө учурап, туруктуу интернет жок эле. Бирок мунун баары Beeline базалык станциясынын пайда болушу менен өзгөрдү: жергиликтүү тургундар эми жакындары менен үзгүлтүксүз байланышып, маанилүү маалыматтарды ала алышат жана онлайн кызматтарынан пайдалана алышат.
Өндүрүш айылынын тургуну Бурмачач Мотоева күн сайын чет өлкөдө иштеп жүргөн уулу менен телефон чалып сүйлөшүп турат. Ал баарлашуу алда канча ыңгайлуу болуп калганын белгилейт.
«Мурда бизде байланыш менен көйгөйлөр болгон. Телефон менен сүйлөшүү үчүн тоого же чатырга чыкчубуз. Эми Beeline базалык станциясы орнотулган соң, бизге абдан жеңил болуп калды. Биз эч кандай көйгөйсүз чалабыз жана бул үчүн үйдөн чыгуунун кажети жок», - деди ал
Ошондой эле жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун ишин жеңилдетти.
«Beeline жардамы менен биз дарыгерлер менен түздөн-түз байланышып, кеңеш алабыз. Эгерде абал оор болсо, бизге тез жардам унаасы жөнөтүлөт», - деди ФАПтын медайымы Зуура Туйбаева.
Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахиндин айтымында, уюлдук оператор санариптик ажырымды жоюу үчүн аймактарда тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
«Биз чоң шаарлардан тартып алыскы айылдарга чейин ар бир кыргызстандык үчүн заманбап технологияларды жеткиликтүү кылууга умтулабыз. Сапаттуу байланыш жана ылдам интернет адамдар үчүн аралыктан окутуу, дарыгерлер менен онлайн консультация, жакындары менен ыңгайлуу баарлашуу сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Beeline биздин абоненттер дүйнө менен байланышта болушу үчүн түйүндү курууну жана модернизациялоону улантууда», - деди Андрей Пятахин.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!
КР СӨMгө караштуу БТЖСжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.