Turmush — Кубан Дүйшөмбиев үй-бүлөсү менен Кемин районунда өткөн «Өнөрлүү ата, мээримдүү апа» сынагына катышып, «Чыгармачылык үй-бүлө» номинациясын жеңип алды. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жубайы менен бирге түтүн булатып келе жатканына 12 жыл болгонун айтып берди.
Кубан Дүйшөмбиев 1983-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында, жубайы Жазгүл Усекеева 1989-жылы Тоң районунун Туура-Суу айылында төрөлгөн.
«Учурда Кемин районундагы Ак-Бекет айылында жашайбыз. 4 кыз жана 2 уулдун атасымын. Ал эми Кемин районунда өткөн «Өнөрлүү ата, мээримдүү апа» сынагына өнөрүм аркылуу катышып калдым. Жаштарга бир аз болсо дагы үлгү көрсөтүп калсак деген ой-максатта катыштым. Бул сынакта үй-бүлө баалуулуктарын, үлгүлөрүн көрсөтүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк болду. Сынак өтө жогорку деңгээлде өттү. Ал жерге профессионалдык, чыгармачылык, искусство жаатында жүргөн үй-бүлөлөр келишти. Чынын айтканда, аларга тең келе алган жокбуз. Алардын арасында эң жөнөкөй үй-бүлөлөрдөн болуп биз эле бардык. Калган үй-бүлөлөрдүн баары музыка жаатында таланттуу экен. Биз болсо «Чыгармачыл үй-бүлө» номинациясына ээ болдук. Мага жакты. Эгер дагы сынактар болсо, үлгү көрсөткөнгө, келечек муундарга үй-бүлө тууралуу, үй-бүлө курууга кантип даярдануу керек экенин, өзүмдүн башымдан өткөн тажрыйбамды бөлүшүүгө даярмын», - деди ал.
Каарманыбыз жубайы менен күтүүсүз жерден таанышып калганын айтат.
«Нике кыйып деп коет эмеспи. Көпкө сүйлөшүп, көпкө кыз-жигит болуп жүрүү деген болгон жок. Биз тааныштык, андан кийин бир жумадан кийин макулдашып, жөн гана сүйлөшүү жолу менен үйлөнгөнбүз. Чоң үйлөнүү үлпөт той өткөргөн жокпуз. Жөн гана кыргыздын салты менен чакан түлөө өткөрүп, ырым-жырымдарды жасадык. Чоң той өткөрбөсөк да, ынтымакта жашап, балдарды тарбиялап келе жатабыз. Үйлөнгөнүбүзгө 12 жылдын жүзү болду.
Өзүмдүн билимим орто. Чоң окуу жайларда окуганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан дизайнер-интерьер багыты боюнча 3 айлык курсту окуп бүткөм. Жубайым Балыкчыдагы колледжде билим алган. Учурда айылыбызда тарбиячы болуп эмгектенет. Балдарды туура тарбиялап, чыгармачылыгын өркүндөтүп, үлгүлүү кылып, коомго жакшы жактары менен таасир эткендей тарбиялоону максат кылам», - деди ал.
Кубан мырза устачылык менен алектенет. Анын айтымында, бош убактысында ыр жазат.
«Жыгач устамын. Өзгөчө жасаган иштерим боюнча айтсам, 2016-2020-жылдары Балыкчы шаарында жашап турган учурда «Жашылдандыруу чарба» ишканасында эмгектенгем. Анда шаарды көрктөндүрүү максатында комуз, араба, паравоздун жана башка инсталляцияларды орнотууда өз устачылык салымымды кошком. Кол өнөрчүлүгүмдүн баштапкы учуру да ошол ишканада башталды», - деди ал.