Turmush — Баткен районунун Самаркандек айылынын 48 жаштагы тургуну Азамат Айтбаев 15 жылдан бери чырпыктан себет токуп, киреше таап келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, себеттерди алгандар да көп.
«Чырпыктарды кышында кесип алам. Анткени бир аздан кийин узун чырпыктар шактап кетет. Ыңгайлуу экенинде кесип алып, ичке-жоон, узун-кыскасына карап, 3 топко бөлүп алам. Анан узунунан диаметри чоң себеттер жасалат. Кичинесинен кичинекейлер жасалат. Бул жерде чоң себеттер нан салып жапканга ыңгайлуу, камыр жабышып калбайт. Ал эми ортончуну той-маарекелерде түйүн кылып көтөргөнү алышат. Бул жылмакай болуп илешпейт. Анан сабы бар корзинкаларды курут кургатканы алышат. Азыр баары ушуга үйрөнүп калышкан», - деди ал.
Уста 1 себетти 1 саатта токуй алат.
«Бул өнөр мага атамдан калган. Атам да уста болгон. Мен аны улап себет токуганды хобби, киреше катары колдоном. Жасап кое берем, буюртмасы жок деле. Анткени канчалык көп турса дагы да бышык болуп кете берет. Азыр жашыл түстө болсо, убакыт өткөн сайын түсүн өзгөртөт.
Бул тосмо чырпык бышык болот. Башка талдын же дагы башка чырпыктыкы болбойт, ийгенде сынып бош болот. А бул ийилчээк келет. Менин жасаган себеттерим бүт облус аймагына чыгат. Базарларга алып чыгам. Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында ар бир үйдө эле бар менин жасаган себеттер бар. Бул сезон менен да. Кышында бош отурганда көп кылып эле жасай берем. Анан каалоочулар ала беришет.
Мурда 30-50 сомдон сатсам, азыр 300-500 сомго чейин сатылат. Чоңу 500 сом, ортончу 400 сом, кичинеси 300 сом. Себет жасаганга балдарым кызыкпайт. Бизде айыл жеринде жаштар баары эле шаарга кетип жатышат. Чек арада мал чарба кылуу да кыйын. Дыйканчылыкка суу жок. Эгин кыла албайбыз. Өрүк сууну көп талап кылбайт деп баарында өрүк бар. Сезондо өрүк кургатабыз. Анан жумушсуз отургандар көп айылда. Анан мен да ушул себет токуганды баштагам. Баштап анча жакшы жасачу эмесмин. Кийин-кийин окшошуп баштады» - деди ал.
Азамат Айтбаев 6 баланын атасы.