Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосунда спартакиада өттү.
Салтка айланган бул кышкы спорттук спартакиадада жалпысынан 10 команда ат салышты. Алар: 6 факультет, колледж, администрация, чарба иштери бөлүмү жана «Бөбөктай» мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Жобого ылайык, спорттук саамалык 13-январдан 18-январга чейин уланып, мында волейбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол оюндары өткөрүлдү. Соңунда сыйлоо аземи уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышты.
Кеченин жүрүшүндө 1 жумалык таймаштын жеңүүчү командалары жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар окуу жай жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул менен бирге активдүү оюнчуларга «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты байланыштыруучу» номинациялары берилди.
Натыйжада командалык эсепте эң жогорку упай менен 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду колледж, ал эми 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучулары ээледи.
Мелдеш окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.