Turmush — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемесинин негизинде Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп кайрадан Кудайберди Кожобеков дайындалды.
Тескеме менен бүгүн, 15-ноябрда КР администрациясынын өнөр жай саясаты бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинде тааныштырды. Жыйынга билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев да катышты.
«Окуу жайдын бүгүнкү жетишкендиктери биздин 5 жылдан бери эмгегибиздин натыйжасы. Бул ийгиликтер үчүн университеттин ар бир жөнөкөй кызматкеринен баштап ректорго чейин баарыбыз ынтымакта, биримдикте, бир багытта иш алып барганыбыздын натыйжасы деп билем. Жамааттын ар бирине ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы койгон чоң максаттарыбыз бар, ошол иш-аракеттерди да биргеликте жасап, чоң-чоң ийгиликтерди чогуу багынтабыз деп ишенем», - деди ректор Кожобеков.
Ректор Кудайберди Кожобеков эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Эмгек ишмердүүлүгүндө ОшМУда декандын орун басары, университеттин окуу-информациялык департаментинин директору, окуу иштери боюнча проректору кызматтарын аркалаган. 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары кызматында эмгектенген. 2019-жылдын 11-ноябрынан тартып Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалап келген.
ОшМУда ректор катары эмгектенген беш жыл аралыгында окуу жайда эл аралык мамилелерди кеңейтип, өнөктөш чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен биргелешкен кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырууга жетишти.
Университет 2024-жылы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде «төрт жылдыздуу» университеттердин катарына кирди.
Эл аралык абройлуу QS рейтингинде (QS Asia University Rankings 2025) ОшМУ Азиядагы эң мыкты 260, ал эми Борбордук Азияда эң мыкты 13 университеттин катарын толуктады.
«IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) – 2024» эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээледи. Муну менен окуу жай Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирди. Жалпылап айтканда, Ош мамлекеттик университети 4.0 муундагы университке умтулуу жолуна түштү. 5 жыл аралыгында 20дай окуу имарттар курулуп, толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өттү. Абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилди.
5 жыл аралыгында айлык акылар жогорулап, илимий изилдөө иштеринде ийгилик жараткандарга, эл аралык рейтиндеги беделдүү журналдарда макаласы жарык көргөн окумуштууларга сыйлык акчалар үзгүлтүксүз берилип келет.
Учурда университет «Өзгөчө макамга» ээ ЖОЖ катары 4-муундагы университетке айлануу, дүйнөлүк рейтингге кирүүгө чоң дем-күч менен багыт алууда. Окуу жай Кудайберди Кожобековдун жетекчилигинде акыркы жылдарда бекем билим берүү, илимий жана материалдык-техникалык база, заманбап инфраструктура жана санариптик чөйрө түзүүгө жетишти.
ОшМУ билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш жана коммерцияланыштыруу системасын ийгиликтүү ишке ашырып, илимий изилдөөлөрдү шаар, регион жана өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багытап келүүдө. Акыркы төрт жылдын ичинде ОшМУнун жалпы суммасы 197 млн сомдук биргелешкен долбоорлору ишке ашырылды, алардын ичинде 25 млн сом Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, 34 млн сом ОшМУнун жана 138 млн сом эл аралык фонддордун инвестициялары болуп саналат.
Акыркы эки жылдын ичинде университеттин илимпоздорунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий иштеп чыгууларына 22 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле, Ош шаарынын жана облусунун администрациялары менен түзүлгөн кызматташуу келишимдеринин негизинде чакан жана микро ГЭСтерди жана күн, шамал станциялары сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын куруу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
ОшМУда «Келечек муундун ХАБы» аттуу робототехника борбору ачылды. Бул Борбор Азиядагы жана Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүндөгү биринчи жана жалгыз лабораториялык борбор болуп калды. Учурда робототехника боюнча адистерди даярдоо башталды. Робототехника борбору Кыргызстанда жана аймактагы башка өлкөлөрдө бул тармактын өнүгүүсүнө түрткү болот.
Ошондой эле, экологиялык тармакта «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» аттуу консалтинг борбору активдүү иш алып барууда. Өзгөн райондук администрациясынын жана Жалпак-Таш айыл чарба башкармалыгынын жардамы менен 300 гектар аянттагы жер көчкү аймагында «Курбу-Таш токою» деп аталган илимий-өндүрүштүк долбоор ишке ашырылууда.
Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ОшМУнун бизнес паркы да жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүүдө. Учурда жалпы суммасы 13 млн сомдон ашкан инвестициялар менен 49 стартап иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө Евробиримдиктин «Жаш табышкер» долбоорунун алкагында Enactus уюмунун гранттык колдоосу менен айыл чарбасынын ар кандай тармактарында 1 778 000 сомдук 11 долбоор иштеп жатат.
Университеттин медициналык клиникасы да билим берүү, илимий изилдөөлөр, практикалык база жана медициналык кызмат көрсөтүү сыяктуу акыркы продуктуларды коммерциялаштыруунун интеграциясын сунуштайт. Клиникада амбулатордук-диагностикалык бөлүм, терапия, стоматология, реанимация, хирургия, жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо бөлүмдөрү бар. Клиникага тез жардам унаасы сатып алынып, кызмат көрсөтүүдө. Аймактардагы тургундардын ооруларын аныктоо жана дарылоо, ооруларды алдын алуу, саламаттыкка кам көрүү боюнча кеңеш берүү үчүн «Ден соолук кербени» уюштурулуп турат. Ошондой эле жыл сайын студенттер акысыз дарылануудан өтүшөт.
ОшМУнун стоматологиялык клиникасы тиш боюнча кызматтардын профилактикалык процедураларды жүргүзүү, брекет орнотуу жана оңдоо, хирургиялык кийлигишүүлөр сыяктуу багыттарды камтыйт.
Президент Садыр Жапаровдун «Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга өткөрүү жөнүндө» жарлыгынын негизинде Ош шаарындагы оорукананын эски имаратынын ордуна жаңы 7 кабаттуу медициналык клиника курулуп жатат. Курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилсе анын структурасында боор, бөйрөк, сөөк-мээ трансплантациясы, микрохирургия, реанимация, операциялык бөлүм, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика бөлүмдөрү болот жана боор, бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырууда.
ОшМУ 2024-2025-жылдарга аймактардын маселелерин изилдөөгө, чечүүгө багытталган 8 илимий долбоорлорду өз бюджетинен колдоого алды. Долбоорлорду ОшМУнун илимпоздору, окутуучулары, студенттери аткарышат. Бул багытта 2023-жылы ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин базасында окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы ачылды. Клиника шаардык жана райондук бийлик органдары менен биргеликте жаныбарларды алдын ала текшерүү жана дарылоо боюнча иш-чараларды уюштурат, айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча фермерлерге жана айыл чарба башкармалыктарынын кызматкерлерине илимий консультацияларды берет. Ошондой эле, мал чарбачылыгы боюнча биотехнологиялык борбор ачуу – асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кичи станция куруу пландаштырылууда.
ОшМУ менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык, Илим жана технология агенттиктери, «ТЕКИЗАИТЕКИШ» ЖЧКсы, Токио медициналык жана стоматологиялык университети «Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү» долбоорунда биргелешип кызматташууда. Долбоордун алкагында абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат. Бул техникалар Ош, Бишкек шаарларына жана башка аймактарга орнотулат. Андан соң абанын булганышына мониторинг жүргүзүп жаткан улуттук системага киргизилет. Ал үчүн ОшМУнун кызматкерлери Токио медициналык университетинен окуп келишет. Долбоордун жалпы суммасы 5 млн АКШ долларын түзөт.
Ал эми кытайлык Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясы менен таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул станция Кара-Суу районунда курулуп, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана энергия менен камсыздоону жакшыртууну максат кылат. Бул экологиялык жактан алдыңкы долбоор катары Кара-Суу району гана эмес, Ош шаары, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору үчүн да таштанды маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт. Долбоордун жалпы наркы 40 млн долларды түзөт.
ОшМУнун коммерциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү жобосун ишке ашыруу максатында Ош шаарынын Төлөйкөн айылында эс алуу борборун калыбына келтирүү менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 37 орундан турган мейманкана, 3 конференция залы, ашкана жайлары курулду жана эс алуу борбору жоюлуп, «Conference resort OshSU» коммерциялык ишканасы түзүлдү.
Окуу жайдын Ысык-Көлдөгү «Үмүт» пансионаты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, атайын жобонун негизинде коммерциялык иш-аракетин жүргүзүп баштады.
ОшМУда буюмдарды жасоочу чыгармачыл устаканалары, мода жана дизайнердик кийимдерди иштеп чыгуу боюнча студиялар иштеп жатат. Окуу жайдын киноакадемиясы тарабынан 5 спектакль коюлуп, 9 кыска метраждуу фильм жана 2 көркөм фильм тартылган. Учурда «Абитуриент» аталышындагы сериал тартылып жатат.
Мындан тышкары университетте заманбап спорттук инфраструктура түзүлгөн. ОшМУ профессионалдык клубдарды каржылаган өлкөдөгү жалгыз университет болуп саналат. Окуу жайда волейбол боюнча эркектер жана аялдар кесипкөй клубдары бар, алар бир нече жолу өлкө чемпиону болуп, кубокторду утуп алышкан. Ошондой эле, футзал боюнча Супер лигада кубок утуп алган команда жана өлкө чемпионатында ийгиликтүү ойноп жаткан «ОшМУ-Алдияр» футболдук командасы бар.
Учурда Ош мамлекеттик университети өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашырууда.
Кудайберди Кожобеков окумуштуу катары 2 илимий монографиянын, 9 окуу усулдук колдонмонун, 90 илимий макаланын, 6 автордук күбөлүктүн ээси. Физика, математика илимдеринин доктору, профессор.