Turmush — Талас районунун Арашан айылынын 70 жаштагы тургуну Доктурбүбү Айтымбетова азыркыга чейин мектепте дене тарбиячы мугалими болуп иштеп келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы мугалим ападан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен эле дене тарбиячы мугалими болууну кыялданчу.
«Козучак айылындагы Бүлпүлдөк орто мектебинде билим алгам. Кичинекей кезимден эле дене тарбия мугалими болууну кыялданчумун. Себеби мектепте окуп жүргөндө Тууганбай Конушбаев аттуу агайыбыз институтту жаңы бүтүп келип иштеп калды. Ал убакта дене тарбия сабагынан лыжа тептирип, гимнастика жасатчу эле.
1974-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна окууга тапшырдым. Менин кесибим гимнастика болчу. Окууну аяктаган соң 1977-жылы Талас районундагы Кырк-Казык мектебине улук кеңешчи вожатый жана дене тарбия мугалими болуп иштеп баштагам.
Ал жакта 4 ай иштеген соң Орто Азия боюнча уюштурулган жогорку комсомолсдук мектепте барып окуп келгем. Ал жерде түркмөн, тажик, казак, өзбек, кыргыз кыздар болуп окудук. Андан кийин эле ошол жакка жумушка орноштум. Кайра кичи мекениме кайтып келген соң, райондук пионерлер үйүнө директор кылып шайлап коюшту. Анда 22 жашта элем» - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле классташына турмушка чыкканын айтып берди.
«Жолдошум экөөбүз классташ болчубуз. Турмушка чыккан убагымда мен райондук комсомолдо сектор учеттун башчысы болуп иштечүмүн. Декретке чыгып, кийинчирээк Таластагы спорт мектебине жумушка кирдим. Ал жерде методист, машыктыруучу болуп эмгектендим. Кийин Козучак айылындагы Мамбетов атындагы орто мектепке мугалим болуп иштеп баштадым.
Балбал орто мектебине 2002-жылы жумушка киргем. 2008-жылдан 2018-жылга чейин ушул мектепте директор болуп эмгектендим. Андан кийин кайрадан ушул мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенип келем.
Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Кайын журтум тың келин деп өмүр боюу сыйлап келишти. Жоро-жолдошторубуздун арасында дагы дайыма сыйлашчу. «Аны менен тамашалашпагыла, аял-эркегин карабай көтөрүп чаап таштайт» деп тамашалап калышар эле.
Окуучулар менен кошо чуркап жүрүп, такай кыймылда жүрүп, ден соолугум бир калыпта жүрөт. Ар дайым сабакты ар түрдүү жеңил көнүгүү менен баштап, анан оюн ойнотобуз.
Иш тажрыйбамда бир окуучу кызым болду. 100 метр, 1 км деген аралыкта чуркоо боюнча мелдештерге республикалык турнирлерге чейин барчу эле. Биз келе жатканда кадыресе атаандашып чыккандан коркуп турушчу. 8-класстан 11-класска чейин мыкты жыйынтык көрсөткөн.
Айыл жергесинде көбүнчө окуучуларды спорттук кийим кийүүсү кыйын болот. Классикалык шымдар менен же жинсы шым менен келип алышат. Бир жолу аралыкта секирүү болуп жаткан. Бир окуучум жинсы шым кийип келиптир. Ага «бул шым менен секире албайсың, спорттук кийим кийсең болмок» деп айттым. Ал «ушул шым менен эле секире берем» деп болбой койду. Анан эле секиргенде баягы шымынын аласы айрылып түшүп калса болобу. Класс болуп аябай күлгөн элек.
Жолдошум мындан бир топ жыл мурун каза болуп калган. Экөөбүздүн ортобузда 1 уул, 2 кызыбыз бар. Баары үй-бүлө курган, мыкты ата-эне болушту», - деди ал.