Turmush — Бул иш-чараны өткөрүп жибербөө керек! Ушул ишембиде, 5-октябрда Бишкекте Beeline Кинокечеси. Уюлдук оператор борбор калаанын тургундарын жана конокторун кино, музыка жана сюрприздердин атмосферасында сонун убакыт өткөрүүгө чакырат.
Beeline Кинокечеси «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында саат 18:00 башталат. Бардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Сизди төмөндөгүдөй программа күтөт:
-
Режиссер Максат Жумаевдин, «Чебер Production» студиясынын жана «Этномедиа» онлайн кинотеатрынын колдоосу менен уюштурулган «Жаным» тасмасынын көрсөтүлүшү;
-
Сиздер үчүн тасманын саундтректерин жана башка хиттерди аткара турган атайын конок AIHAN;
-
Кызыктуу интерактивдер жана байгелер менен сынактар;
-
Ыңгайлуу атмосфера жана ысык чай.
Досторуңуз жана жакындарыңыз менен чогуу келип, шаңдуу эс алып кетиңиз! Beeline Кинокечеси кызыктуу жана унутулгус болот.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!