Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында алгачкы жолу 165 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаев билдирди.
ААРден кийин Беш-Терек, Предтеченка жана Петровка айыл аймактары бириктирилип, административдик борбору Петровка айылы болуп, жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл аймагы түзүлгөн.
Петровка айылы райондун борбору Беловодск айылы менен туташат. Ошондон улам союз учурунан бери бала бакчасы жок петровкалыктар райондун борборундагы бала бакчаларга балдарын беришип, айрымдар унаа жалдап ташып келишет. Мындай көйгөйдөн улам бала бакчанын зарылчылдыгы көп жылдан бери айтылып, элдик жыйындарда талкууланып да келген. Ошондуктан, эл көйгөйүн чечүү максатында өткөн жылдарда учурда балдары жок атайын жатак мектепти бала бакчага өткөрүү маселеси чечилген. Аталышы "Аруузат-Петровка" аталып, учурда ошол 2 кабаттуу имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ага АРИСтен 7 млн 300 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн 200 миң сом, райондук фонддон 2 млн 500 миң сом каралган. Буюрса, 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө бала бакча эшигин ачат», - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.