Turmush — Кечээ, 15-февралда Ош технологиялык университетине Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун делегациясы келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, делегациянын курамында Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу З.Ш.Ахмедов, консул А.А.Абдурашидов, консулдук кызматкери И.Хамиджанов болду.
Конокторду ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, бир нече эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде билим берүү программасын өнүктүрүүнү күчөтүү максатындагы бир нече маселелер айтылды. Өзбекстандан келип, окуп жаткан студенттердин көйгөйлүү маселелери талкууланды.
Учурда Ош технологиялык университетинде 5000ге жакын өзбекстандык студент билим алып жатат.