Turmush — Эркин Аскаров Талас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал буга чейин бир катар мекеме, ишканаларда жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Буга чейин Талас шаардык кеңешинин 7-8-чакырылыштагы депутаты болгон.
- Буга чейин мэрдин биринчи орун басары болуп Максат Байжигитов иштеп келген.