Turmush — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кытайдан келген делегация менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашкар шаардык округунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Өнөр жай жана соода федерациясынын төрагасы Мухтар Айити катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Кашгар шаарынын ортосундагы кызматташтык жана достук мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.
Элчибек Жантаев эки өлкөнүн экономикалык алакасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле бул жолугушуу эки тарапка тең пайда алып келе турган жемиштүү кызматташтыктын башталышы болот деген ишенимин билдирди.
Мухтар Айити кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуу достук маанайда жана белек алмашуу менен аяктап, жолугушуунун катышуучулары бул иш-чара Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Кашгар шаарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган келечектеги биргелешкен долбоорлордун жана демилгелердин башталышы болуп калат деген ишенимин билдиришти.
Ош облусу менен Кытай Эл Республикасы Кашгар шаары экономика, соода-сатыкты жана инвестицияны камтыган түрдүү тармактарда өз ара мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.