Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, 12-декабрга караган түндөн баштап тынымсыз жааган кардан улам Гүлчө айылынын Алымбек датка, Нарматов жана ички көчөлөрүндө автоунаа каттамы жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кыйын абал жаралып, унаа тыгыны пайда болгон. Учурда көчөлөр жана социалдык объектилерге баруучу ички жолдор тазаланып жатат.
«Тургундарды зарыл иштери болбосо алыскы жолго чыкпай турууга чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.